Ош. "Сулайман-Тоо-Ак-Буура" ишканасынын кызматкерлери "мамлекетке 700 миң сом зыян келтирди" деп айыпталышууда

Ошто "иштебеген адамдар үчүн айлык акы алып, мамлекетке 700 миң сом зыян келтирген" деп шектелген жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, «Сулайман-Тоо-Ак-Буура» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери, өздөрүнүн кызмат укуктарынан пайдаланып, материалдык пайда көрүү максатында будамайлоо жолу менен жок кызматкерлерге айлык маяна алып келишкен. Ошондой эле мүлктү менчиктеп алуу фактысы аныкталган. Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 700 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (бирөөнүн карамагындагы мүлктү сарп кылуу же өздөштүрүп алуу), 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызмат будамайы) боюнча кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан