Кыргызстандык 2 жаран "Москва шаарынын тургундарын тапанча менен коркутуп, унаасын тартып алышкан" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 2-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 10-июнунда Москва шаарынын 2 тургуну өздөрүнүн унаасы менен белгисиз эки жаранды Орусиянын борбор калаасындагы Красноказарменная көчөсүнө жеткиришкен. Ал жерден 3 жүргүнчү Москва шаарынын 2 тургунун тапанча жана бычак менен коркутуп, унаасын жана баалуу буюмдарын тартып алышып, из жашырып кетишкен.
30-июнда полиция тарабынан 18 жана 19 жаштагы кыргызстандык 2 жаран аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн үчүнчүсү издөөгө алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.