Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда президенттин аппараты билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Каржы министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргызстан тарабынан гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан