Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу (өнүктүрүү саясатын колдогон экинчи операция) ратификацияланды. Мыйзамга бүгүн, 2-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин аппараты билдирди.

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан