“Кыргызстанда гейлердин ишин пропагандалоого тыюу сала турган мыйзам долбоорун колдойм”,- деп билдирди төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-июлдагы маалымат жыйынында. Спикер батыштагы терс көрүнүштөрдү мисал келтирди. “Батыштын жакшы жагын алышыбыз керек. Батышта бир жыныстуулардын үйлөнүүсү деген бар, Кончита дегени чыгып, сынакта жеңүүчү болду. Ушундай нерсе 10-20 жылдан кийин бизде болушун каалайсыңарбы, эч ким каалабайт. Биз ушуга жеткирбейли деп жатабыз. Аларды камайлы деген жокпуз, өз турмушу менен жашай беришсин. Көбөйүүгө аракет кылбасын дейбиз”,- деди төрага.