Кызыл-Кыяда "мэрдин атынан кол коюп, жасалма кызматтык дайындоону уюштурган" деп шектелген жаранга кылмыш иши козголду

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси "мэрдин атынан кол коюп, жасалма кызматтык дайындоону уюштурган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда маалымдады.

Маалыматтарга караганда, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында аппарат жетекчиси болуп эмгектенген Тойчиев Мирлан Т.А. аттуу жаранды Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору кылып дайындоо боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш жөнөтүп, ага мэрдин атынан өзү кол коюп койгон.

Жыйынтыгында аталган Т.А. аттуу жаран Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору болуп дайындалган. Бул факты кийин Баткен ОИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ачыкталып, учурда кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан