Парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча парламенттин Жогорку Сотко өтүнүч келтирүүсү тууралуу пикирин айтты. Анын билдиришинче, Жогорку Кеңештин мындай чечими соттордун ишине таасир эте албайт. "Парламент депутаттарды коргоп жатат" дегенге макул эмесмин. Келдибеков боюнча чечимди көпчүлүк кабыл алды. Ал чечимде сотторду тигинт же минт деген нерсе жок. "Анын ден соолугу начарлап кетти" дегенинен бир айдан бери күн тартибине коюлбай келе жатты эле. Ушуга соттун көңүлүн буруп коюу гана жагы каралган. Соттор акыркы чечимди өздөрү чыгарышат”,- деди төрага.
Спикер мамлекеттик жетекчилердин бири коррупционерлер боюнча коомчулукка ачуу чындыкты айтып турушу керектигин да кошумчалады.