2012-жылы “Түндүк электр” ААКсы абоненттеринин дебитордук карызын төлөтүп алуу үчүн сотко 2114 доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымдайт. 2012-жылы “Түндүк электр” ишканасы өнөр жай тармагындагы абоненттердин дебитордук карыздарын кайтарып алуу үчүн сотко 417, ал эми карапайым калкка карата 1697 доо арызын жазган. Соттун чечими менен өнөр жай абоненттеринен 31,6 миллион сом, ал эми элден 4,2 миллион сом өндүрүлүп алынган. Ошондой эле өткөн жылы дебитордук карыздын айынан 234 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлгөн. Айта кетсек, 2013-жылдын 1-январына карата “Түндүк электр” АККсынын абоненттеринин электр энергиясына болгон карызы 347 миллион 375 миң сомду түздү.