Түркиядагы оңчул партиялардын бири "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы өлкөнүн премьери Режеп Тайип Эрдогандын президенттик тактыга талапкер боло турганын айтты.
Кечээ, 1-июлда партиянын жетекчисинин орун басары Мехмет Али Шахи: “Биздин премьер-министрибиз, биздин партиянын башчысы, Стамбулдун мыйзам чыгаруучусу Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн 12-президенттигине талапкер болду”,- деп айтканын чет элдик ММКлар жазып чыкты.
Шайлоо ушул жылдын 10-августунда өтөрү айтылды. Маалыматка таянсак, шайлоо биринчи жолу түз добуш берүү жолу менен өткөрүлөт. Буга чейин президент өлкө парламенти тарабынан шайланып келген. Ал эми талапкерлер жалпы добуштардын 51 пайызына ээ болушу керек. Эгер топтогон добуштары көрсөтүлгөн чекке жетпесе, 24-августта кайрадан добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.