Жогорку Кеңешке 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июлуна чейин жарандардан 15 133 кат келип түшкөн. Муну бүгүн, 2-июлдагы маалымат жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Спикердин дарегине 2201 кат келип түшкөнү айтылды.
“Төраганын атына келип түшкөн каттардын дээрлик жарымы (1029 кат) калкты социалдык жактан коргоо маселелерине арналган. Укук коргоо органдарынын иши боюнча 713, билим берүү, илим, маданият жана спорт тармагын камтыган 212 кат түшкөн. Аймактарды эске алганда, Бишкектен менин атыма 985 кат келген”,- деди төрага.
Жээнбеков сессия мезгили аралыгында жарандардын даттануулары боюнча 34 жолугушуу өткөргөнүн кошумчалады.