"Спикер болуп иштөө жеңил эмес, бирок кимдир бирөө бул кызматты аркалашы керек да",- деди парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков 2-июлда журналисттер менен жолугушууда. Төрага бул кызматты татыктуу аркалоо керектигин белгилейт.
"Кесиптештеримдин чечимин урматташым керек. Альтернативдик негизде мени тандап алышкан, мен депутаттардын ишенимин актоого аракет кылып жатам. Экинчиден, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштөө мүмкүнчүлүгү берилгенине ыраазы болом. Бир мезгилде бул кызматтан кетем, бирок уят болбогудай иштеш керек",- деди Жээнбеков.