Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июлда “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.
Мыйзам 2014-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана мамлекеттик реестрде катталган маалыматтарга өзгөртүү киргизүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган.
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренеси жаңы жобо менен толукталды. Ага ылайык, каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизип, бул тууралуу салык жана статистика органдарына маалымдайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.