Жоомарт Оторбаев: “Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоону талап кылабыз”

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоону талап кылабыз”,- деп билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Толубай Жакишев маалымдады.

Анын айтымында, муну өкмөт башчы бүгүн №31-түзөтүү колониясына барганда журналисттерге айткан. “ЖАМК Азиз Батукаевди издөөгө жарыялоо боюнча демилгени көтөргөн. Ал эми аны экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура иштейт”,- деди Жакишев.

Эске салсак, 30-июнда "Азиз Батукаев Чеченстанда колго түшүрүлдү" деген маалымат чыккан. Бул маалыматты SUPER.KG порталына ИИМден тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан