"Кийинки чакырылыштагы парламент азыркыдан туруктуураак болот",- деп билдирди спикер Асылбек Жээнбеков 2-июлда журналисттерге. Айтымында, парламенттик демократиянын жолуна түшкөн Кыргызстан өнүгүүнүн табигый жолун басып өтөт. "Төрт жыл ичинде бул багытта жетишкендиктер болду, кыска убакытта көп нерсе жасадык. Азыркы парламенттин тажрыйбасына негизделип, кийинки чакырылыштагы парламент жана фракциялар бир топ туруктуу болот",- деди төрага.
Жээнбеков "Чет өлкөгө чыгууда чартердик каттам колдоносузбу?" деген суроого: "Биздин өлкө ага даяр эмес, чартердик каттамга каражат көп кетет. Мен чет өлкөгө кадимки каттам менен эле барып келем",- деп жооп берди.