Ахматбек Келдибеков спикер болуп турганда ачылган Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгү 2012-жылдын 1-январынан тартып ишин токтоткон. Муну бүгүн, 2-июлда журналисттер менен жолугушууда төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Спикер бул боюнча коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун сөзү негизсиз экенин айтат.
“Жакында депутат Келдибековдун туугандарын кабыл алдым. Алар да Бекназаровдун сөзүн айтышты. Аларга түшүндүрүп айтып, тийиштүү кагаздарды бердим. Аты таанымал адамдардын калп айтып элдин башын айлантып жатышы өкүнүчтүү. Келдибеков жумуштан кетип жатканда “Ата Мекен” фракциясынын чечими болгон, “өкүлчүлүк мыйзамсыз ачылган” деген. Комиссия да ушундай чечим чыгарды. Мен 2011-жылы 21-декабрда спикер болдум, 2012-жылдын 12-январында биринчи отурум болду. Ошондо токтом кабыл алганбыз, “өкүлчүлүктүн иши 1-январдан баштап токтотулсун” деп. Бекназаров айткандай, "өкүлчүлүктү парламент дагы эле каржылап жатат" деген сөз туура эмес”,- деди Жээнбеков.