Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларда монополияга каршы күрөшүүнү жөнгө салуу багытында билим берген кафедралар ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, кафедрадан мыкты адистерди даярдап чыгаруу максатында студенттерге жогорку даражалуу окутуучулар сабак өтмөкчү. Ошондой эле студенттер практиканы монополияга каршы ведомстволорунда өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. “Бул демилге студенттерге гана эмес бизге да пайдасын алып келет, себеби жогорку билимдүү адистер даярдалып чыгат”,- дейт Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору Данил Ибраев. Азыркы учурда аталган сунуш өлкөдөгү жогорку окуу жайларына жөнөтүлдү.