“Акыйкатчынын иши “канааттандырарлык эмес” деп табылса, демек, кимдир бирөө буга жооп бериши керек” деди спикер

Журналисттер менен жолугушкан спикер Асылбек Жээнбеков депутат акыйкатчыны отставкага кетирүү маселеси күзүндө караларын айтты. Анын билдиришинче, акыйкатчыга байланышкан маселе мыйзамдын сызыгында гана каралып жатат.

“Акыйкатчынын жылдык ишин Жогорку Кеңеш канааттандырарлык эмес деп тапты. Демек, бир чара көрүлүүгө тийиш. Иштеши керек же жооп бериши шарт. “Канааттандырарлык эмес” деген баага кимдир бирөө жооп бериши керек да. Бул нерсе мыйзамда так көрсөтүлгөн. Маселе сентябрда кайра каралат”,- деди төрага.

Айта кетсек, төрага бүгүн, 2-июлда парламенттин 2013-2014-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан