Фракциянын катчылыгы: "Республика" фракциясынын лидери алмашкан жок"

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын катчылыгы бүгүн, 2-июлда "Республика" фракциясынын лидери алмашкан жок" деген билдирүү жасады. Расмий билдирүү делген маалыматта булар айтылат: 

"Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеште 2014-жылдын 30-июнунда №113 номерлүү "Республика" депутаттык фракциясынын чечими" деген мыйзамсыз документке кол коюлуп, төрагага жөнөтүлөт. Анда "Республика" фракциясынын мурда кабыл алынган кээ бир чечимдери жокко чыгарылып, мурда фракциянын катарынан, андан кийин партиянын катарынан чыгарылган депутат Абдыжапар Бекматовду фракциянын лидери кылып шайлоо жөнүндө маалымат берилет.

Буга байланыштуу "Республика" фракциясынын катчылыгы төмөнкүлөрдү расмий билдирет:

Биринчиден, катчылык аталган чечимди мыйзамсыз деп белгилейт, себеби ага фракциянын мурдагы 8 депутаты: Абдулатип Режевалиев, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Алтынбек Сулайманов, Абдыжапар Бекматов, Нурбек Мурашев, Исхак Пирматов жана фракциянын азыркы 3 депутаты Назарали Арипов, Урмат Аманбаева, Элмурат Обдунов кол коюшкан. Документ "депутаттык фракциянын чечими" деп аталган, бирок ал эч кандай юридикалык мааниге ээ эмес. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, "депутаттык фракциялар" жергиликтүү шаардык кеңештерде болот, ал эми Жогорку Кеңеште, Конституцияга ылайык, парламенттик фракциялар иштейт.

Экинчиден, аталган мыйзамсыз чечим 113 номер менен киргизилген. Мамлекеттик органдарда иш жүргүзүүнүн талаптарына ылайык, "Республика" фракциясынын катчылыгы тарабынан 113 номер менен 2014-жылдын 11-июнунда "КРнын Аба кодексине" өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча чечим чыккан жана ал ЖКнын төрагасына жиберилген.

Андыктан жогоруда аталган «Республика» парламенттик фракциянын кээ бир чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы лидер шайлоо жөнүндө документ мыйзамсыз жана ал эч кандай юридикалык мааниге ээ эмес".

Билдирүүдө "Республика" фракциясынын лидери болуп Максат Сабиров иштеп жатканы да айтылат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан