Бүгүн, 2-июлда Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп
Керимбек Калыкулов дайындалды. Бул тууралуу буйрукту Мамлекеттик мүлк фонду чыгарганы белгилүү болду.
Айта кетсек, Керимбек Калыкулов буга чейин ОшМУнун басма сөз катчысы, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.