Австралиялык сүрөтчү Бен Янг океан толкунундай көрүнгөн айнектен жасалган кайталангыс скульптураларды жаратууда. Жаш сүрөтчү жалтырак айнектердин беттерин толкундун формасында кесип алып, андан соң алар кудум океандын толкунундай көрүнүшү үчүн бириктирип чыгат. Бен өзүнүн эмгектеринде компьютердеги моделдештирүү ыкмасын колдонбойт. Болгону айнекти алат да, анын үстүнө маркер менен керектүү фигураны тартып алып, кесип чыгат.
Чет элдик басылмалар жазып чыккандай, Бендин эмгегинин эң оор бөлүгү - эскизди ойлоп табуу жана жаратуу. Сүрөтчү жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн океандын жээгинде өткөргөндүктөн, бул ага айнектүү шедеврлерди жаратууга дем-күч берген. Ал өзүнүн скульптуралары менен океандын жанында өткөргөн өмүрүндө эмнени көрсө, ошонун баарын бергиси келген.
“Мен эки өлчөмдүү фигуралар үч өлчөмдүү чыгармага айланып, анын ичиндеги жарык башкача ойноп жатканын карап турганды жактырам”,- деп билдирет Бен Янг.