Бүгүн, 2-июлда Бишкекте өткөн “Президентке Баткенден Шералы хандын чокою” аттуу жыйындын уюштуруучуларына КРнын Административдик кодексинин 371-беренеси (коомдук тартипти сактоо боюнча милдетти аткарып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө) боюнча административдик иш козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кармалгандардын бири Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, административдик иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. “Учурда бизди соттук отурумга алып бара жатышат. Анда өз укуктарыбызды жактоочуларсыз коргойбуз. Ал эми бизге кандай чара көрүлөрүн сот чечет”,- деди активист.
Эске салсак, бүгүн, 2-июлда Бишкектеги КРнын Маданият министрлигинин алдында “Президентке Баткенден келген Шералы хандын чокою” аттуу акция өткөн. Анын уюштуруучулары "аталган чокойду Ак үйгө алып барабыз" деп жөнөп баратышканда 50 чакты милиция кызматкери аларды токтотуп, Биринчи Май РИИБине алып кетишкен.