Асылбек Жээнбеков азыркы өкмөттүн ишине баа берүүгө эрте экенин айтты

"Азыркы өкмөттүн ишине баа берүү эрте, анткени иштегенине 100 күн боло элек". Муну 2-июлда парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков журналисттерге билдирди. Айтымында, өкмөткө дагы убакыт берүү керек. "Эки айда өкмөт өлкөнү өнүктүрүү багытында кардиналдуу чечимдерди кабыл алып, өкмөттүн ишин көрсөтө алат",- деди спикер. 
Депутаттардын жыйынга аз катышуусу боюнча спикер: "Алардын дайыма эле жыйында отурушу шарт эмес, жумушу ушундай. Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт, айтор, иши көп",- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан