Жогорку Кеңештин депутаттары 10 айда 28 446 жаранды кабыл алышты
Жогорку Кеңештин депутаттары 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин 28 446 жаранды кабыл алышты. Жарандар эл өкүлдөрү менен түздөн-түз жана коомдук кабылдамалар аркылуу жолугушкан. Бул аралыкта Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу үчүн 1958 адам же 98 топ келип кеткен. Өлкө аймактарынан келген жергиликтүү кеңештин депутаттары, студенттер жана мектеп окуучулары парламенттин жыйындар залы менен таанышканын билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.