"ОшТВнын" мурунку жетекчиси Шайырбек Маматокторов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды

Бүгүн, 2-июлда "ОшТВ" телеканалынын мурунку жетекчиси Шайырбек Маматокторовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырды. Бул тууралуу Маматокторов өзү социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазып чыкты. “Бийлик "ОшТВны" басып алып жатат. Катуу кармаш башталды, мени УКМКга чакырышты”,- дейт ал.

Айта кетсек, Маматокторов бүгүн, 2-июлда телеканалдын жетекчилигинен бошотулуп, анын орудуна Керимбек Калыкулов каналдын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан