Токмоктогу ишканада нааразычылыгын билдирген кытайлык жарандарды тынчтандыруу үчүн милиция эскертүүчү ок чыгарды

Токмокто нааразылык акциясына чыккан кытайлык жарандарды тынчтандыруу үчүн милиция кызматкерлери бир нече эскертүүчү ок чыгарышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Токмок шаарындагы нефть иштеп чыгаруучу ишканасында эмгектенип жатышкан кытайлык жарандар айлыктарынын берилбей жатканына нааразы болушуп, арматура, ар кандай темир буюмдарды алышып, ишкананын аймагына адамдарды, унааларды киргизбей коюшкан. Бул боюнча аталган заводдун директору милиция бөлүмүнө кайрылган. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери келип, аларды тартипти бузбоого чакырган. Бирок кытайлык жарандар каршылык көрсөтүп, күч колдонушкан. Натыйжада милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын тынчтандыруу үчүн бир нече эскертүүчү ок чыгарып, тартип бузган 39 кытай жаранын милиция бөлүмүнө алып келишкен. Бөлүмдө кармалгандардын документтери текшерүүгө алынып, алардын баары мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын аймагында эмгектенип жатышканы аныкталган.

Учурда аталган факт боюнча кармалган 39 кытайлык жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aika1405
2014-07-02 16:10:32
Кара Сууда бир дагы кытайдын документи жок,баарынын "крышасы" бар,билип туруп эле документтери жок турбайбы деп анкоо болуп калышат.
+1
Baky006
2014-07-02 16:41:02
Китайцы нюх потеряли,вообще офигели.наши органы у них деньги берут и молчат((
+1
nurkasym-2014
2014-07-03 08:23:45
Олкодон чын эле чыгарыштыбы же беш ордоктор учтубу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан