Парламент депутаты Роза Акназарова Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча жалпы комитетинин төрайымдыгына жана ЖККУ ПАнын бюро мүчөлүгүнө кайрадан шайланды. Мындай чечим аталган комитеттин отурумунда кабыл алынганын ЖКдан 2-июлда билдиришти.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы 2014-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейин Азербайжандын Баку шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын XXIII сессиясына катышты.