Жоомарт Оторбаев мурда камалган жарандардын коомчулук менен интеграциясына колдоо көрсөтүү боюнча кызмат түзүлөрүн айтты

Бүгүн, 2-июлда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү абагында болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы кылмыш-жаза системиндеги ишмердүүлүк менен таанышуу максатында барып, №31-түзөтүү абагында кургак учукка чалдыккандарды дарылоо үчүн курулуп жаткан жаңы корпустардын абалын көрдү. 

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын абактарында 10 миңден ашуун жарандын иши тергөөнүн алдында болсо, 100 миң адамга 181 абакта отурган адам туура келет. Бул индекс боюнча дүйнөнүн 221 өлкөсүнүн ичинде 82-орунду ээлейт. Камалгандардын саны азайып жатат. Ошону менен катар абактан чыккандан кийин жарандардын коомчулукка аралашуусуна шарт түзүү биздин милдет болуп саналат. Алардын дагы кылмышка барышына жол бербешибиз керек»,- деди премьер-министр.

Мындан тышкары Жоомарт Оторбаев мурда камалган жарандардын коомчулук менен интеграциясына колдоо көрсөтүү боюнча кызмат түзүлөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан