Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков 16-январда Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунун Барак анклавынын тургундары менен жолугушту.Жолугушууда Барактын тургундары облус жетекчисине бир катар талаптарды койду. Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн айтымында, Барак айылынын тургундары эки тарапка өтүүчү кыргыз-өзбек чек арасындагы Кыргызстандыктарга өзбек чек арачылары тарабынан талап кылынган 10 килограммдан ашкан жүккө суралуучу аныктаманы жокко чыгарууну суранышты. Мындан сырткары суткасына 4 сааттан өчүрүүлүчү электр жарыгына нааразычылыктарын айтышты. Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сороонбай Жээнбеков бул маселе учурда ЖКда каралып жаткандыгын билдирип, “Сиздердин талапты “Сох” анклавы боюнча иштеп жаткан ведомстволор аралык комиссияга кароого киргизгенге аракеттенем”, - деди.