Жылнаама, 3-июль: Мындан 4 жыл мурун өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ант берүү аземи болгон

* Мындан 115 жыл мурун, 1899-жылы Орлово кыштагындагы немис тургундары Талас дарыясынын жогорку агымынан байыркы тыйындардын үлгүсүн табышкан. Жаңы табылга батыш изилдөөчүлөрүнүн кызыгуусун жаратып, Талас өрөөнүндө байыркы маданият болгондугу туурасында жана мында фин-угордук калк жашагандыгы жөнүндө көз караштар айтыла баштаган. 
* Мындан 52 жыл мурун, 1962-жылы америкалык актёр Том Круз АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс шаарында туулган. Ал актёр гана эмес, режиссёр, продюсер, сценарист да болгон. Том Круз үч ирет "Алтын глобус" сыйлыгына арзып, үч жолу "Оскарга" көрсөтүлгөн. Ал өзүнүн жогорку актёрлук чеберчилигин "Магнолия" драмасында көрсөтө алган.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ант берүү аземи болгон. 
 
3-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан