Бүгүн, 2-июлда "ОшТВнын" экс-жетекчиси
Шайырбек Маматокторовдун “бул ачык эле рейдерлик, сөз эркиндигинин жаназасы окулду” деген билдирүүсүнө карата "ОшТВнын" жаңы дайындалган жетекчиси
Керимбек Калыкулов аталган телеканал мыйзамдуу жол менен мамлекеттин карамагына өткөнүн айтты.
"УКМКга чакырылгандыгынын "рейдерлик басып алуу" дегенге эч кандай байланышы жок. Болгону 2013-жылы телеканал тарабынан аймактык бөлүнүүчүлүккө алып келе турган маалыматтар кеткендигине байланыштуу УКМКга чакырылууда. Бул жерде мамлекет тарабынан эч кандай мыйзам бузуу фактысы жок",- деди ал.