Жогорку Сотто депутаттар тарабынан кабыл алынган Мамлекеттик максаттуу программанын долбоору боюнча тегерек стол өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда 2-июль күнү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «2014-2017-жылдарга КРнын сот системин өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чаранын катышуучулары Мамлекеттик максаттуу программа менен кыскача тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Жакып Абдырахманов аталган программа 2012-жылдан тарта эксперттердин катышуусунда иштелип келгендигин жана ал 4 жылга эсептелгендигин айтты. «Программа сот тутуму, өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасы үчүн олуттуу. Ал сот тутумун реформалоодогу реалдуу кадамдарга түрткү болот. Сот бийлиги мамлекеттик бийлик бутактарынын бири катары өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлиги катары калыптана алат, сот адилеттигинин натыйжалуулугу жана сапаты, сот тутумунун ачык-айкындуулугу жогорулайт. Ошондой эле соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттар түзүлөт, сот тутуму кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз болот»,- деди Ж.Абдырахманов. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан