Төрага Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 2-июлда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча директору Масару Хонма менен жолугушту.
Төрага Кыргызстандын Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанисин белгилеп, өлкөнүн көз карандысыздыгы жылдарында көрсөткөн инвестициялык колдоосу менен жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар өлкө жетекчилигинин парламенттик демократияны бекемдөө, инвестициялык климатты жакшыртуу менен ишкерлердин ишмердүүлүгүнө шарттарды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатына токтолду. “Жаңы Конституция кабыл алынгандан бери 4 жылдын жүзү болуп, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жолуна түштү. Биз туруктуулукту камсыздай алдык. 2015-жылы туруктуу өнүгүү фазасына өтүүбүз күтүлүүдө”,- деди Жээнбеков.
Ал эми Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча директору: “Эки тараптын кызматташуусу ырааттуу өнүгүүдө. Биз Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарды алга жылдырууда алыска барарына бекем ишенебиз. Сиздер бул жолдо олуттуу натыйжаларга жете алдыңыздар. Кыргызстандагы инвестициялык климаттын жакшыруу тенденциясына байкоо салып келебиз”,- деди. 
Тараптар аймактык байланыштарды бекемдөө, өлкөдөгү муниципалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана жеке бизнести колдоо аркылуу туруктуу өсүүгө көмөктөшүү максатын көздөгөн 2015-2018-жылдар аралыгына Кыргыз Республикасы үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жаңы стратегиясы тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан