Бүткүл Кыргызстандын аймагында атаандаштыксыз чөйрө болушу керек. Бул тууралуу 2-июлда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ийгиликке жетишкендиктеги тажрыйбасы" аттуу тегерек столдун максаты коомчулукка аталган жарандардын ийгилигинин сырын бөлүштүрүү жана жайылтуу болуп саналат.
«Социалдык өнүгүү министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иш-аракеттерин колдойт жана колдоо көрсөтөт. Алардын жашоосунун өткөн, учур жана келечегин көрсөтүү менен ден соолугу чың жарандарда суктанууну жаратуу маанилүү болуп эсептелет»,- деди Кудайберген Базарбаев.
Ал өлкө боюнча 155 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экенин белгилеп, алардын коомчулук менен аралашуусу үчүн министрлик бир катар иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын белгилеп өттү.