Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр чек ара, жол куруу, көпүрө куруу жана май айындагы кагылышуу учурунда зыянга учураган кыргыз жарандарынын мүлкүн калыбына келтирүү маселелеринин айланасында уланат. Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тажик делегациясын коңшу өлкөнүн вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектөөдө. Тажик делегациясы Бишкекке кечээ, 2-июлда келгени айтылды.