Бишкекте "чет өлкөлүктөрдүн акчасын уурдады" деген шек менен Көзөмөл-өткөрүү кызматынын кызматкерлери кармалышты

Бишкек ШИИББинин алдындагы Көзөмөл-өткөрүү кызматынын кызматкерлери "чет өлкөлүк жарандардын акчаларын алган" деп шектелишүүдө. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, кылмышка шектүү кызматкерлер А.Б. менен М.Б. чет өлкөлүктөрдүн паспортторун текшерүүгө алуу учурунда алардын каражаттарын алып турушкан.

Орусиялык жарандарды тоноо учурунда кармалган кызматкерлерге карата "уурулук", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Алар УКМКнын тергөө абагына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы 2-июлда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batyaalka
2014-07-03 09:23:25
Балык башынан аябай сасыйт!
0
doni89
2014-07-03 10:00:20
Уят ушунар кантип болсун бироонун акчасын уурлагандар ушундай мееси жоктордун артынан Кыргызстандын оброюн тушурот
0
nur.ai
2014-07-03 13:07:54
Doni89: Бул жерде шектелди деп жатат,уурдап мойнуна алды делген жок да...!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан