Баткен облусундагы чек ара аймагында түзүлгөн кырдаал боюнча ЖКнын токтом долбоору тууралуу маселе парламенттин кезексиз жыйынында каралат

16-17-январда өткөн Жогорку Кеңештин жыйындарында Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавынын чек ара аймагында болгон окуя, анда түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу маселелери КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда жабык эшик артында каралды. Жыйынга КР Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Баткен облусунан келген жергиликтүү калк өкүлдөрү катышты. Талкуунун жыйынтыгында аталган маселе боюнча ЖКнын токтомунун долбоорун парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча, Эл аралык иштер боюнча, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча, Бюджет жана финансы боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында иштеп чыгуу чечимине келишти. ЖКнын депутаты, Кыргызстандын «Чарбак» чек ара заставасы менен Өзбекстандын Сох анклавында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топтун мүчөсү Улугбек Кочкоровдун айтымында, талкуу жүрүшүндө депутаттардан ЖКнын токтомунун долбоору боюнча жыйырмадан ашуун сунуш түшкөн. Алар эртең, 18-январда өтө турган төрт тармактык комитеттин биргелешкен жыйынында каралган соң, ЖКнын 19-январда өтүүчү кезексиз жыйынында талкууланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан