Жалал-Абад. “Коррупцияга каршы элдик көзөмөлдөөнүн мүчөсүмүн” деген жаран мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунда өзүн "Коррупцияга каршы элдик көзөмөлдөө" коомдук бирикмесинин мүчөсүмүн” деген жаран мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.

Милиция кызматкерлерине дарыгерлер кайрылышып, “Коррупцияга каршы элдик көзөмөлдөө” коомдук бирикмесинен экенин айткан белгисиз адам дарыгерлерге каршы компроматтык материалдары бардыгын жана аларды жарыялабоо үчүн акча талап кылып жатканын маалымдашкан.

УКМК менен Аксы райондук милициясынын биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында П.Ж. аттуу жаран 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Иликтөөдө аталган жаран жана дагы бир нече адам “Коррупцияга каршы элдик көзөмөлдөө” бирикмесинен экендигин айтышып, мурда да бюджеттик мекемелерди мыйзамсыз текшерип, муниципалдык ишканадан мыйзамсыз акча алып чыгып кеткендиги үчүн кармалышкан.

Учурда аталган факты боюнча “алдамчылык” жана “кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан