Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Свердлов райадминистрациясына жакын жердеги бөлүгүндө жылуулук берүү түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүүдө. "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынын билдиришинче, эртең, 4-июлда оңдоо иштеринин технологиялык бөлүгү аяктайт. Иш толугу менен кийинки аптада бүтөрү айтылды.
Кийинки аптада Фрунзе-Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук берүү түтүктөрүн оңдоо иштери башталат. Бул аймакта иш эки аптага созулмакчы жана унаа кыймылына чектөө кирет.