Өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттиги 2014-жылдын январь-июнь айларында 11 соттук иште утуп чыкты. Муну бүгүн, 3-июлда аталган агенттиктен билдиришти. Жыл башынан бери мекемеге байланышы бар 50 сот иши жанданган. Анын 11ин утуп чыкса, үчөөнөн утулуптур. 36 иш боюнча соттук процесс уланып жатканы айтылды.