Геология агенттиги жыл башынан бери кен иштетүүгө 83 лицензия берип, 13 лицензияны жокко чыгарды

Геология жана минералдык ресурстар агенттигине 2014-жылдын январь-июнь айларында кен иштетүүгө лицензия алуу боюнча 209 арыз түштү. Муну 3-июлда агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Кен иштетүүгө лицензия берүү маселеси боюнча иштеген комиссия жыл башынан бери 13 жыйын өткөрүп, анда 334 маселе каралды. Алар: 
Кен иштетүүгө лицензия алуу боюнча 163 арыз;
Мөөнөтү бүтө элек лицензиялар боюнча 171 арыз. 
Жыйынтыгында 83 лицензия берилип, 17 арызды кароо жылдырылып, 63 арызга "лицензия берилбейт" деген чечим чыккан. Мөөнөтү бүтө элек лицензиялар боюнча: 10 лицензиянын, 21 лицензиялык толуктоолордун мөөнөтү узартылып, 13 лицензия жокко чыгарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан