Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматына 23-июндан 29-июнга чейин 4237 кайрылуу түштү. Дарыгерлер тобу 3108 чакырууга барышып, 847 адам ооруканага жеткирилгенин бүгүн, 3-июлда Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти билдирди. Бул аралыкта жарандарды тейлөөгө 232 бригада, 237 автоунаа кызмат кылыптыр. Жол кырсыгынан 34 адам, жугуштуу оорулардын кесепетинен жабыркаган 55 адам ооруканага жеткирилгени айтылды.