Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Беларустун Улуттук Жыйынынын Республика Кеңешинин төрагасы Анатолий Рубиновду жана Улуттук Жыйындын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченкону Беларусь өлкөсүнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Сиздерди Беларусь Республикасынын мамлекеттик майрамы – Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм. Биздин достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген эки тараптуу мамилелерибиздин мындан ары дагы бекемделишине үмүт артам. Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш жана Сиздердин жогорку миссияларыңыздарга ийгилик, ал эми Беларусь элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм”.