Ош шаарындагы Алымбеков көчөсүндө жайгашкан «Караоке №1» эс алуу жайынын бет маңдайында жайгашкан имаратта атайын оюн-зоок ойнотуучу «Катран» аппараттары орнотулуп, жарандарга кумар оюнун ойнотуучу көмүскө жайларды уюштуруу фактысы аныкталган.
Бул боюнча "оюн-зоок жана кумар ойноочу жайларды уюштуруу" беренеси менен иш Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш каттоо китепчесине катталды. Муну бүгүн, 3-июлда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.