Дамира Ниязалиева: “Кыргызстанда “Элдик дарыгер” жана “Элдик мугалим” деген наамдары боюнча сунушубуз колдоо табарына ишенем”

Бүгүн, 3-июлда Бишкекте салтанаттуу белгиленип жаткан Медицина кызматкерлеринин күнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева: “Бүгүнкү иш-чарада “Ардактуу дарыгер” деген наамды албай калган медициналык кызматкерлерден капаланбоону суранам”,- деди.

Анын айтымында, учурда “Ардактуу дарыгер” эмес, “Ардактуу ишмер” деген наам берүү боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан. 

“Мен бул мыйзам долбоорго “Элдик дарыгер” жана “Элдик мугалим” деген наамдарды киргизүүнү сунуштадым. Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер жана сиздердин миңдеген кардарларыңыздар бул сунушту колдооруна толугу менен ишенем”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан