Кыргызстанда 2012-жылы унаа жолдорун оңдоо үчүн 1 миллиард 416 миллион сом сарпталды

2012-жылы Кыргызстанда унаа жолдорун оңдоо үчүн 1 миллиард 416 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу бүгүн 17-январда журналисттер менен жолугушуу учурунда Транспорт жана коммуникация министринин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди. Анын айтымында 2012-жылы Кыргызстанда 137 километр унаа жолдорго асфальт төшөлгөн. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге көп. Ошондой эле ал жолдорду оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 866 миллион сом бөлүп берүү сунушталгандыгын айтып, бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 450 миллоин сом бөлүнбөй калгандыгын билдирди. Дыйкановдун айтуусу боюнча табигый кырсыктар авто жолдорго 203 миллион сомдук зыян келтирген. Ошондой эле ал 2012-жылы жалпысынан 76 метрлик 4 темир жол көпүрөсүнүн курулушу жыйынтыкталып, дагы эки көпүрө ремонттон өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан