Ошто унаа уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды

30-июнда Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүндөгү №55-үйдүн жанынан Кара-Суу шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган И.Ага таандык Дэу-Матиз үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз адамдар айдап качышкан. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Ош шаардык ИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Көрүлгөн оперативдик иш-чаралардын негизинде 1-июль күнү Ош шаардык ИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү делген Ош шаарынын тургуну А.А. кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш каттоо китепчесине Кылмыш-жаза кодексинин «автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу» беренеси менен катталып, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан