Жоомарт Оторбаев Тажикстандын вице-премьер-министри менен чек ара маселесин талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кечээ, 2-июлда чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келген Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардонду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда билдирди.

Маалыматка таянсак, тараптар кеңири маселелерди, анын катарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы катары Кыргызстанга Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзоданын сапарын уюштуруу маселеси каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан