2012-жылы кыргызстандыктар интернет жана уюлдук байланышты көп колдоно баштаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.Анын айтымында, Кыргызстанда уюлдук байланышты колдонгондордун саны жылдан -жылга өсүүдө. Мисалы 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылдагы көрсөткүч 8 пайызга көп болду. Ал эми интернет колдонуучулардын саны 3,2 миллион кишиге жетип, өсүш былтыркы 2011-жылга салыштырганда 26 пайызга өстү.