Кечээ, 2-июлда Германиянын Берлин шаарында Франция, Германия, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери жолугушту.
Жолугушууда тараптар Украинанын түштүгүндөгү абалды жөнгө салуу боюнча чараларды макулдашты.
Чет элдик ММКларга таянсак, Орусия менен Украинанын министрлери элдешүүгө жетишүү үчүн ушул аптада жикчилдердин өкүлдөрү менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин эки тараптын ок атышуусун токтотуу Украина президенти Пётр Порошенко сунуш кылган "Тынчтык планын" аткарганда гана мүмкүн болорун айтты. Жыйынтыгында министрлер Украинанын аймагындагы абалды жөнгө салуу чараларынын аткарылышына ЕККУ көз салат деген бүтүмгө токтолушту.