Сокулук районунда колу-буту байланып сууга чөктүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Сокулук районунда колу-буту байланып сууга чөктүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Сокулук РИИБинен бүгүн, 3-июлда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Сокулук районунун Панфилов айылына жакын жердеги көлмөдөн колу-буту байланган 30-35 жаштардагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылган.

Жансыз дененин үстүндө көк футболка, жынсы шым, ак сызыктары бар көк бут кийим бар болгон. Каза болгон адам ак жүздүү, оң колунун терисинде балтага окшош сүрөт, сол колунун терисинде жел айдагыч (парус), 3 жылдызча жана күрөө тамырында кескиленген сыяктанган сүрөттөр бар.

Учурда бул жарандын ким экени аныктала элек. Кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышка чыкса болот: (0312) 60-75-67 (Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү), 0554 99-47-88 (Орунтаев Нурдан, тергөөчү).

Ошондой эле кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин байланыш телефондору: 0770 01-01-00, 0772 18-46-57, 0558 10-01-75, 0551 99-15-15.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arti
2014-07-03 14:24:50
Кудай сакта! АЛЛАМ оозум келди. Кандай мыкаачылар кылды бул ишти? Кыргызстанда жашаш кыйын болуп калды! Окуруп оксуп ыйлып, канча кундон бери табылбай жаткан адамдын денеси минти кордук менен олтурулгонун когон ата-эне учун эн чон азап болду го. Жаткан жери жайлуу болсун. Акмактар табылып, оз жазасын алсын!
0
Гулжигит
2014-07-03 17:36:25
Адам олтургондорго олум жазасын киргизмейинче токтобойт мындай мыкаачылык!
0
Asan-aka
2014-07-03 19:13:00
Касяктары ушуга алып келсе керек да
+1
Aisanat
2014-07-03 22:02:25
Asan-aka, косяк кылса еле олтуруш керек емес да
0
Asan-aka
2014-07-04 10:59:13
Aisanat, денесиндеги наколкалары айтып жатпайбы косягы кобойуп кеткенин
0
ruslan_amatbek
2014-07-03 21:29:56
Бул суротундо аны аялы эле тааныбаса башка эч ким тааныбайт го.
-1
Dadin1
2014-07-04 13:40:07
Бул да каралардын разборкасыго.Парус -боштондука умтулуу же гостролирующий вор дегенди билдирет.Жылдызчалар -смотрящий деген белги. Балта -бироодон оч алам деген белги.Оч алам деп барып озу олгон турбайбы.Эми бунун оздугун МВД картотекадан карап же каралардын бир экоону кармап алып сураса эле айтып бербесе жонокой адамдын билуусу кыйынго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан